Жаңылыктар
Баткен: удаалаш келген табигый кырсыктардан олуттуу зыян тарткандар
Өзгөчө кырдаал
Баткен: удаалаш келген табигый кырсыктардан олуттуу зыян тарткандар

Лейлек районунун тургундары удаалаш келген үч табигый кырсыктан олуттуу зыян тартышты. Каттуу шамалдын кесепетери алыс узай электе борбордук базардын өрттөнүп кетиши дагы кошумча болду. Учурда аталган аймакта калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Атайын комиссиянын чыгарган эсеби боюнча өрттөн 148 миллион сом, ал эми ага удаалаш келген сел кырсыгынан 22 миллион жана шамалдан 3 миллион сомдук зыян келтирилген. 

 

22-майдагы катуу нөшөрдөн кийинки сел дагы районго олуттуу зыян алып келди. Исфана, Кулунду жол каттамындагы эки көпүрө жарактан чыгып, Ак-Суу, Сумбула айыл аймактарындагы жол кыймылы убактылуу токтогон. Учурда кооптуу деген бул аймактардан авто унаалар айланма жолдор аркылуу өтүп жатат. 

Катарлаш келген кырсыкка кабылган жарандарга жардам көрсөтүү жана бузулган жолдор менен көпүрөлөрдү калыбына келтирүү иштери уланууда.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118