Жаңылыктар
Президент улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй- бүлөсүнө барды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй- бүлөсүнө барды

Президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык аялдар күнүнүн алдында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй- бүлөсүнө барды. Мамлекет башчы жазуучунун жубайы - Мария Айтматованы жаз майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады. 

Мамлекет башчы Айтматовдун жакындары менен баарлашып, жазуучунун уулу Эльдар Айтматов Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин реконструкциялоо боюнча пландары менен бөлүштү. 

Ошондой эле өзү вице-президент болгон «Манас» жана Айтматов улуттук академиясынын учурдагы ишмердиги жана келечек пландары тууралуу айтып берди.