Жаңылыктар
Бүгүн - айымдардын Эл аралык майрамы
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн - айымдардын Эл аралык майрамы

Бүгүн Кыргызстанда жаздын алгачкы майрамдарынын бири айымдардын 8-март Эл аралык майрамы. Анын тарыхы 162 жыл мурун башталган. 1857-жылдын 8-март күнү Нью-Йорк шаарында тикмечи айымдар теңчилик үчүн митингге чыгышкан. 

Америкалык Социалисттик партия 1909-жылы февраль айынын акыркы дем алышын Аялдардын улуттук күнү деп жар салган. Ошентип Аялдардын күнүн белгилөө алардын экономикалык жана коомдук абалын теңдөө күрөшүнө айланган. 

Аялдардын Эл аралык күнү Клара Цеткиндин сунушу менен 1910-жылы Копенгаген шаарында өткөн социалисткалардын II Эл аралык конференциясында кабыл алынган. Айымдардын майрамы айрым европалык өлкөлөрдө 1911-жылы Орусияда 1913-жылдан бери белгиленет. Азыркы күндө 8-март - Аялзатынын жана жаз майрамы катары кабыл алынган.