Жаңылыктар
Колунан көөрү төгүлгөн чебер айым
Кыргызстан жаңылыктары
Колунан көөрү төгүлгөн чебер айым

Учурда соода жайларында кыргыз камчысынын түрлөрү көп эле сатылат. Эң жакшысы - таза көктөн өрүлгөнү дейт камчыны мыкты жасаган айым Гүлнара Азизова. Анын айтымында, акыркы учурда камчы кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн тааныткан улуттук буюм катары да колдонулуп жүрөт. 



Эмгек жолу тарбиячы, мугалимдиктен башталган Гүлнара Азизова кийинчерээк кыргыздын улуттук буюмдарын жасоого өткөн. Темир уста болгон атасынан берилген шык-жөндөмүн өркүндөтүп мыкты кол өнөрчү болду. Ишинин түйшүгү мол болсо да жан дүйнөсүнө жагаарын жана андан эргүү алаарын айтат. Анткени боз үй, комуз, калпак сыяктуу эле камчынын да орду, мааниси жана сыры бар,- дейт.

Үйдө аялдын, эшикте эркектин ишин мыкты жасаган эмгекчил айым камчынын түрлөрүн жасайт. Өрүмдөрүн орду менен өрүп, кынаптап, сынына келтирип сапаттуу жасоого аракет кылат.

Улуттук каада-салтка ылайык, камчы - эшиктен киргенде боз үйдүн эр жагында капшуурундан төмөн, босогодон жогору керегенин башына илинет. Тилеги жакшы болгондуктан үйлөргө да илип койсо артыкча болбойт.