Жаңылыктар
Ысык-Көлдүн балыгын көбөйтүү аракети көрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдүн балыгын көбөйтүү аракети көрүлүүдө

Ысык-Көлгө сига-лудога балыгынан беш жүз миң жана форель балыгынан элүү миң чабак салынды. Бул иштерди Курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигине караштуу Ысык-Көл биосфералык аймагынын кызматкерлери жүргүзүштү. Анда кабарлангандай мындай балык запастарын көбөйтүү иштери жыл сайын жүргүзүлүп, буга аймактагы балык чарбалары көмөк көрсөтүшөт. 

Биосфералык аймактын кызматкерлери Ысык-Көлдөгү кара чаар балык жана Ысык-Көл маринкасынын жоголуп бара жатканына байланыштуу акыркы үч жылдан бери илимий изилдөө иштерин жүргүзүп, алардын корун көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүшүүдө. Буга айыл чарба министрлиги жана улуттук илимдер академиясынын биология институту тартылган.