Жаңылыктар
Чек арага чектеш Дейрес-Сай айылы таза суу менен камсыздалат
Аймак
Чек арага чектеш Дейрес-Сай айылы таза суу менен камсыздалат

Аксы районунун чек арадагы Дейрес-Сай айылы таза суу менен камсыз болот. Айылга ичүүчү суу 12 чакырым алыстан, Үч-Коргон айыл өкмөтүнөн тартылууда. 

43 миллион сомдук долбоорду каржылоо жагы республикалык бюджеттен каралган. Аталган айылда таза суу көйгөйү курч болуп келген. Жергиликтүү жашоочулар арык, каналдан аккан суудан ташып, кээ бири суу кудугун жасатып, сатып алып ичет. 

Эми элет элинин таза суу көйгөйү чечилүү алдында турат. Тендерден уткан компания иш алып барууда. Дейрес-Сай айылында 283 кожолук жашайт. Өзбекстан менен чектеш жайгашып, Авлетим айыл өкмөтүнүн борборунан 100 чакырым аралыкта жайгашкан.

“Мамлекеттик курулуш агенттигине көп жолу кат менен кайрылып, ал жереги көйгөйдү жеткирип турганбыз. Биздин, элдин өтүнүчүн эске алып, таза суу көйгөйүн чечип берүү бобюнча каражат бөлүндү. Тендерден уткан компания ишин баштады”,- деди Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Нурмырза Абдыраманова.