Жаңылыктар
"Саякбай манасчы" тасмасы тартылган аймак этнокомплекске айланат
Маданият
"Саякбай манасчы" тасмасы тартылган аймак этнокомплекске айланат

Тоң районунда "Саякбай манасчы" көркөм тасмасы тартылган аймак этнокомплекске айланат. 

Мындай чечим айыл аймактын кеңеши тарабынан кабыл алынып, бул максатта 500 миң сом бөлүндү. Эске салсак, тасманы тартуу үчүн көл жээгинде атайын үй салынган. Аны аймакка эс алып келген чет элдик туристтер Саякбай манасчынын үйү катары көрүп кетишет. Эми жарыктандыруу иштери үчүн жабдыктар орнотулат. Жергиликтүүлөр бул жай келечекте көпчүлүк сыймыктанган этнокомплекске айланат деп ишенишүүдө.

"Бул жерге чет элдик туристтер көп агылып жатат. Себеби, бул жерде Саякбай атабыздын киносу тартылган да. Ага арналып үй да салынып калган. Мындан улам бул жерди комплекс кылуу чечими кабыл алынды. Быйыл беш жүз миң сом бөлүнүп электр энергиясын камсыздап берүү иштерин эми баштайбыз. Анткени кандай иш чара болбосун электр энергиясы керек. Фестивалдар өтүп калат. Жаа атканды көрсөтсө болот. Салбуурун өтсө болот. Былтыр да бир фестивал бул жерде өтүп көп мамлекеттен туристтер келишти. Башкы максат туризмди өнүктүрүү болуп атат",- деди Тоң айылдык кеңешинин төрагасы Талант Атамбаев.