Жаңылыктар
Электрондук билет тутуму
Кыргызстан жаңылыктары
Электрондук билет тутуму

Бишкекте коомдук транспорттордо электрондук төлөм системасы иштеп жатат. Бирок ага жүргүнчүлөр толук кошула элек. Көпчүлүгү мурдагыдай эле накталай төлөмдөрдү жүргүзүп жатышат. Шаардын транспорт башкармалыгы жаңы тутум жол киреден топтолгон каражаттардын ачыктыгын камсыз кылып, автобус, троллейбустардын каттамдарын оптималдаштырууга да шарт түзөөрүн билдирүүдө.

Бишкекте автобус менен троллейбустар үчүн электрондук төлөмдү камсыз кылган тутум “Тулпар” деп аталат. Ага кошулуп, атайын картаны колдонгондор долбоордун бир катар артыкчылыктарын белгилеп жатышат. 

Эгер электрондук төлөмдү каттаган валидатор иштебей калса картанын ээси акы төлөбөй кетип калсаа болот. Долбоорду ишке ашырган тарап жабдуулар заманбап экенин, эч кандай көйгөй болбостугун билдирүүдө. Анткен менен жүргүнчүлөрдүн бул тутумду массалык түрдө колдонуусуна убакыт талап кылынчудай. 

Шаардын транспорт башкармалыгы электрондук билет тутуму жол киреден топтолгон каражаттын ачыктыгын камсыз кылуу үчүн маанилүү экенин билдирет. Бирок автобус менен троллейбуста накталай төлөм жүргүзүүгө биротоло тыюу салына турган мөөнөттү калаа бийлиги да, долбоорду ишке ашыра турган швейцариялык компания да аныктай элек. 

Коомдук транспорттордун каттамдарын оптималдаштырууда да долбоор өзгөчө мааниге ээ экени белгиленди. Тагыраак айтканда жабдуу аркылуу шаардын кайсы тарабына жүргүнчүлөр көп каттап жатканы билинип, ага жараша автобус троллейбустар кайра бөлүштүрүлөт.

Жол кире үчүн атайын картага бирдик жүктөө зарыл. Мындай шартта терминалдар колдонулат. Шаар тургундары тутумга толук кошулгандан кийин коомдук транспорттун айдоочуларынын эмгек акысын 85 пайызга жогорулатуу күтүлүп жатат.