Жаңылыктар
Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдык
Кыргызстан жаңылыктары
Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдык

Май айнын 15нен 20-майга чейин өлкөдө жалпы республикалык тестирлөө өткөрүлөт. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору өткөрө турган тестирлөө Кыргызстан боюнча 130га жакын тест борборунда жүргүзүлөт. Каттоо мектепти, кесиптик окуу жайды, колледжди аяктап жаткандар үчүн алар окуган жерде, ал эми окууну былтыр аяктагандар үчүн шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүндө өтөт.

Ордо калаадагы №69 Т.Сатылганов атындагы мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучулары Азиза Исламбекова менен Эркайым Шамбетова жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алуу үчүн күнү-түнү даярданып жатышат. Максаттары ишке ашса элге пайдасы тие турган кесиптин ээлери болсок деген тилектери бар. 

Мектептин окуучулары өз алдынча ошол эле учурда мугалимдердин көмөгү менен да даярданышууда. Быйылкы жылы Жалпы республикалык тестирлөө май айынын 15нен 20на чейинки аралыкта өтөт. Кыргызстан боюнча 130га жакын тест борборунда жүргүзүлөт

Абитуриенттер негизги тесттен тышкары, өздөрү тандаган багыт боюнча кошумча предметтик тесттерди да тапшырышат. Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 3-апрелде аяктап, мектепти, кесиптик окуу жай, колледжди аяктап жаткандар үчүн алар окуган жерде, окууну былтыр аяктагандар үчүн шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.