Жаңылыктар
Ата мекендик рынокто туруктуулукту камсыз кылуу чаралары
Экономика
Ата мекендик рынокто туруктуулукту камсыз кылуу  чаралары

Штабдын башкы максаты - ата мекендик рынокто туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алуу. Бул тууралуу Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Коронавирус инфекциясынын өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында билдирди. 

Штабдын бул жолку жыйыны Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен селектордук режимде өттү. 

Вице-премьер-министр райондордо жана облустарда штабдарды уюштуруу, алардын алкагында күнүгө чогулуп, айыл чарба продукцияларынын запасына анализ, бааларга мониторинг жүргүзүү тапшырмасын берди.