Жаңылыктар
Жалал-Абадда жер титиреди
Өзгөчө кырдаал
Жалал-Абадда жер титиреди

Бүгүн, таңкы саат алты жарымда Жалал-Абад облусунда жер титирөө болду. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн күчү очогунда 4 жарым баллга жеткен. 

Силкинүүнүн очогу Көк-Таш айылынан батышты карай 5 чакырымда, Шамалды-Сай шаарынан чыгышты карай 12 чакырымда жайгашты. 

Жер титирөө Көк-Таш, Кызыл-Туу айылдарында 4 жарым балл, Шамалды-Сай, Майлуу-Суу шаарларында 4 балл, Үч-Коргон, Кочкор-Ата, Таш-Көмүрдө 3 жарым, Масы, Кызыл-Жар, Базар-Коргондо 3 балл болгон. Алдын ала алынган маалыматтарга таянсак, кыйроолор жана жабыркагандар жок.