Жаңылыктар
Россиянын улуттук валютасы 9 пайызга төмөндөдү
Экономика
Россиянын улуттук валютасы 9 пайызга төмөндөдү

Мунайдын баасы түшкөндөн кийин Россиянын улуттук валютасы дээрлик 9 пайызга төмөндөдү. Мындан улам орус бийлиги кырдаал көзөмөлдөнүп жатканын билдирди. 

Ал эми Россиянын Борбордук банкы рубльды түшүрбөй турууга убада берди. Айрым серепчилер ченем бир жуманын ичинде өзгөрөрүнө ишенерин билдирди. 

Чет өлкөлүк талдоочулар бул жагдай олуттуу деле көйгөй деп эсептебейт. Анткен менен электрондук унааларга болгон баанын жогорулашы күтүлүүдө. Бирок, эксперттер өлкөдө биржалык соода-сатыктан кийин шейшемби күнү акыркы корутунду чыгарыларын белгилешти.