Жаңылыктар
150 миңге жакын салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
150 миңге жакын салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

Бүгүнкү күнгө чейин 150 миңге жакын салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей бул салык төлөөчүлөрдүн ичинен 44 миң 474ү юридикалык жактар жана 57 миң 607и жеке ишкер. Ал эми калгандары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер. 

Кошумчалай кетсек, 1-апрелге чейин жеке жактар бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү. Бул убакытка чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер жана авто унаа, салык салынуучу кыймылсыз мүлктөргө жана дыйкан, фермердик чарбаларга ээлик кылгандар бул декларацияны тапшыруусу керек.