Жаңылыктар
Өлкө башчы иш сапары менен Баткен облусунда
Аймак
Өлкө башчы иш сапары менен Баткен облусунда

Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Чет-Булак аймагындагы индустриялык- соода- логистикалык борбордо ишке ашырылуучу долбоорлор менен таанышып, Баткен зоналдык ветеринардык лабораториянын жаңы имараты, андагы шарттардан кабар алды.

Өлкө башчы ЕАЭБ базарларына Кыргызстан таза, экологиялык айыл-чарба азыктары менен туруштук берээрин айтып, ишкерлер үчүн мамлекет тарабынан тийиштүү жардамдар берилээрин белгиледи. 

Ошондой эле, Президент Сооронбай Жээнбеков чек ара коопсуздугун бекемдөө ар дайым өлкө жетекчилигинин өзгөчө көңүл борборунда тураарын баса белгиледи. Ал аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын жакшыртуу жана Куралдуу күчтөрдүн аскердик даярдыгын жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу улантыларын билдирди.