Жаңылыктар
Айымдардын коомдогу орду
Кыргызстан жаңылыктары
Айымдардын коомдогу орду

Кыргызда илгертен аялзатына өзгөчө мамиле жасалып келген. Аялдар үй бүлөдө гана эмес, коомдун социалдык экономикалык турмушундагы иш-чараларда дагы жигердүүлүгүн көрсөтүп жатат.  

 Көп балалуу баатыр энелер, дегеле айылдагы аялзатынан ай сайын келип кабар алууну айыл өкмөт кызматкерлери адатка айланткан. Бул жолу дагы 4-5 үй бүлөнү кыдырып, күнүмдүк турмушуна көз салып кетишти. Айылдын жаштары да демилгелүү, үй бүлө менен бирге коомдогу иш-чараларга да жигердүү катышат. Улгайган энелер да жашы өтүп калганына карабастан, өнүгүүгө карай колдон келген салымын кошууда.
Айыл аймакта жалпы 35 миңден ашык адам жашайт. Жергиликтүү бийликтин милдети калкты жумуш менен камсыз кылып, социалдык көйгөйлөрдүн чечилишин шарттоо. Учурда аз камсыз болгон үй бүлөлөргө турак жай куруу, ошондой эле Озерное айылында мектептин курулушу жүрүп жатат.
Туруктуулукту туу туткан, ынтымак, биримдик орногон жерде гана өнүгүү болот деген ураан менен жергиликтүү калк өнүгүүгө карай талбай мээнет кылып келишет.