Быйыл айыл чарба министрлиги картошка менен кант кызылчасынын аянтын кыскартып, экспортко ыңгайлуу өсүмдүктөрдү өндүргөнгө маани берүүдө. Дыйкандар кирешелүү болгон жүгөрүнү өстүргөнгө ыктап жатканы байкалды. Андан тышкары жакын арада үстөк пайызы аз болгон насыялар берилгени жатат.
Айыл чарба министрлиги быйыл дан эгиндеринин аянты дагы миң гектарга көбөйөрүн айтты. Картошка менен кант кызылчасын азайтып, негизинен экспортко ылайыктуу болгон соя, нокот. чечевица сыяктуу өсүмдүктөр менен көп жылдык чөпкө маани берүүдө.
Жакын арада «Айыл чарбасын каржылоо-8» долбоорунун алкагында өкмөт фермерлерге жеңилдетилген насыяларды бере баштайт. Мында айыл чарба продукциясынын 11 түрүнө артыкчылык берилип, айыл чарбасын кайра иштетүү тармагы боюнча алынган насыялардын жылдык үстөгү 6% гана түзөт.
Азыр өлкөдө 60 миң тоннадан ашык минералдык жер семирткич бар.Орточо баасы 16 сом 50 тыйындан 19 сом 50 тыйынга чейин болуп жатат. Майга чейин дагы 50 миң тоннага жакын азот жер семирткичи ташылып келет.