Жаңылыктар
КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн Дастанбек Жумабеков кабыл алды
УТРК жаңылыктары
КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн Дастанбек Жумабеков кабыл алды

 Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. Жолугушууда КТРКнын ишмердүүлүгү, өлкөдөгү маалыматтык коопсуздукту камсыздоодогу ролу тууралуу айтылды.

Мамлекеттеги маалымат саясатын жүргүзүүдө жана калкты бейтарап, туура кабарлар менен камсыздоодо КТРКнын мааниси жогору. Мындай пикирин билдирген Төрага Дастанбек Жумабеков коомдук телерадио каналдары өлкөдөгү демократиялык жаңыланууларды өнүктүрүүдө салым кошуу керектигин белгиледи.
Жылдан-жылга технология алмашып, калктын да сапаттуу материалдарга карата талабы артууда. Андыктан, КТРКнын курамындагы 6 телеканал менен 5 радионун ишине түздөн-түз таасир берчү заманбап техникаларды алуу үчүн каржы жетишсиздиги курч.
Негизинен сапаттуу контентти түзүүдө мыкты кадрлар керек. Аларды кармап калууда айлык маянанын көлөмү биринчи орунда турат. КТРКдагы айлык маянаны көтөрүү маселеси да учурда актуалдуу маселелердин бири.
Эми айтылган сунуштар парламенттин тиешелүү комитетинде талкууланмай болду. Ошондой эле бюджетти кароо учурунда эске алынат.