Жаңылыктар
Жерлерди мыйзамдаштыруу жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Жерлерди мыйзамдаштыруу жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкты

Жерлерди мыйзамдаштыруу жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыгып, Өкмөттүн кароосуна киргизилди. Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Чүй облусунун Сокулук районундагы Ак-Ордо жаңы конушунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди. Айтымында жерлерди мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбооруна ылайык 2009-жылдан кийин сугат айдоо жерлеринде турак үйлөр салынып жана бөлүнүп кеткен жерлер мыйзамдаштырылат. Документ айыл чарба министрлиги тарабынан иштелип чыгып, Өкмөттүн кароосуна киргизилди. 

Өкмөт социалдык абалды эске алуу менен бул мыйзам долбоорун колдойт жана Жогорку Кеңешке жөнөтөт-деди Биринчи вице-премьер-министр. Жолугушуунун жүрүшүндө Боронов Сокулук районунун акимине социалдык объектилерди куруу максатында Ак-Ордо конушундагы 18 га жер аянтын трансформациялоого даярдоо боюнча иш алып баруу тапшырмасын берди. Кошумчалай кетсек, жерлерди мыйзамдаштыруу жөнүндө мыйзамды ар тараптуу кароо жана республика боюнча канча гектар жер аянты ушул мыйзамдын алкагында трансформациялана тургандыгы тууралуу маалыматты тактоо максатында мекемелер аралык жумуш тобу түзүлгөн.