Жаңылыктар
Бишкек шаардык мэриянын бюджетинен 4,2 млн сом үнөмдөлдү
Экономика
Бишкек шаардык мэриянын бюджетинен 4,2 млн сом үнөмдөлдү

Шаар мэриясы билдиргендей 8-март майрамына карата шаар бюджетинен 2 млн 200 миң сом, ал эми "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамын белгилөөгө 2 млн сом каралган. Бирок коронавирустун алдын алуу иштерине байланыштуу борбордо массалык маданий иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. 

Мындан улам март айында 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө жана Нооруз майрамына карата уюштурула турган иш-чаралар өткөрүлбөй турган болду. Натыйжада 4 млн 200 миң сом шаардык бюджетте калат. Бул каражаттар калаадагы өткөрүлө турган кийинки майрамдык иш-чараларга жумшалмакчы.