Жаңылыктар
Жакын арада фермерлерге жеңилдетилген насыялар бериле баштайт
Айыл чарба
Жакын арада фермерлерге жеңилдетилген насыялар бериле баштайт

Жакын арада «Айыл чарбасын каржылоо-8» долбоорунун алкагында фермерлерге жеңилдетилген насыялар бериле баштайт. Мында 11 айыл чарба продукциясына артыкчылык берилип, айыл чарбасын кайра иштетүү тармагы боюнча алынган насыялардын жылдык үстөгү 6% гана түзөт. 

Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди. Дыйкандар мындай насыяны эки мамлекеттик жана үч коммерциялык банктан ала алат.