Жаңылыктар
"Түндүкэлектр" ишканасы 61 миңден ашык абонентке акылдуу эсептегичтерди орноткону турат
Кыргызстан жаңылыктары
"Түндүкэлектр" ишканасы 61 миңден ашык абонентке акылдуу эсептегичтерди орноткону турат

Быйылкы жылы "Түндүкэлектр" ишканасы 61 миңден ашык абонентке акылдуу эсептегичтерди орноткону турат. Себеби мындай эсептегичтер бул тармактагы жоготууларды азайтып, натыйжалуу иштеп бере тургандыгын иш жүзүндө көрсөттү. 

Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын башкы директору Искендер Кадыркулов баса белгилеп, азыркы учурда электр тармагындагы жоготуулар 11,6% пайызды гана түзүп калганын айтты. Анын айтымында акылдуу эсептегичтер 3 жыл аралыгында аны орнотууга кеткен чыгымдарды толук актап, андан кийин ишкананын пайдасына иштей баштайт.