Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта Баткен облусуна болгон иш сапарынын экинчи күнүндө Исфана шаарындагы 1990-жылы көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун мемориалдык үй-музейине барды. Мамлекет башчысы музейдин экспонаттарын көрүп чыгып, меймандар китебинде кол жазмасын калтырды.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө жана социалдык-экономикалык өнүгүшүндө Исхак Раззаковдун өзгөчө ордун баса белгиледи. Үстүбүздөгү жылы Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын алкагында иш-чаралар жогорку улуттук деңгээлде өткөрүлө тургандыгын билдирди. Эске салсак, 2020-жылдын январь айында Мамлекет башчысы “Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” Жарлыкка кол койгон. Өлкөнүн Өкмөтү тарабынан мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлгөн.