Жаңылыктар
Дональд Трамп Москвада өтө турган Улуу жеңиштин салтанатына барбайт
Дүйнө
Дональд Трамп Москвада өтө турган Улуу жеңиштин салтанатына барбайт

АКШ Президенти Дональд Трамп 9-майда Москвада өтө турган Улуу жеңиштин 75 жылдык салтанатына келбей тургандыгын айтты. Мамлекет жетекчинин мындай чечимин Ак үйдүн маалымат кызматынан билдириришти. Москвада өтө турган салтанаттуу иш-чараларга катыша албай тургандыгынын себебин АКШда "саясий мезгилдин" кайнаган маалына туш келип кала тургандыгы менен байланыштырды. 

Трамп Кремлдин чакыруусунан баш тартып, орус бийлигине сылык-сыпаа ыраазычылыгын билдирген. Буга чейин Россия Президенти Владимир Путин Гитлерге каршы коалициянын курамындагы өлкөлөрдүн өкүлдөрүн 9-майда Жеңиш күнүн белгилөө үчүн Москвага чакырган. АКШда 2020-жыл президентти шайлоо менен өтөрү белгилүү. Июль айына чейин партия ичиндеги добуш берүүлөрдөн соң, республикачыл жана демократтардын кандидаттары расмий түрдө партиялык съезддерде көрсөтүлүшөт. АКШда мамлекет башчысын шайлоо 3-ноябрга белгиленген.