Жаңылыктар
Президент Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын эли менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын эли менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков элеттеги олуттуу маселелерден жеринде кабар алууда. Баткен облусунуна болгон жумуш сапарынын экинчи күнү Мамлекет башчы облустун Лейлек району жана Сүлүктү шаарынын эли менен жолугушту. Жыйында ичүүчү таза суу, ирригация, жол, чек ара, бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлүп, Президент эл тарабынан берилген суроолорду чечүүнү тездетүү тапшырмасын берди.

Лейлек району өлкөнүн эң алыскы жана ири райондорунун бири. Президент Лейлекти Кыргызстандын дарбазасы деп атады. Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун климаттык шарты, элинин турмушу ага жакындан тааныш экенин билдирди. Жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда мамлекет башчы чек арага чектеш аймактын тургундарынын мамлекеттин коопсуздугун бекемдөөгө кошуп жаткан салымы өзгөчө экенин белгилеп, президенттик мөөнөтүндө алыскы шарты катаал районго өзгөчө көңүл бурууну улантаарын айтты.