Жаңылыктар
Үркүнгө 100 жылдыгына карата сүрөт көргөзмө
Маданият
Үркүнгө 100 жылдыгына карата сүрөт көргөзмө

Быйыл 1916-жылдагы Улуттук боштондук үчүн болгон күрөшкө 100 жыл толот. Буга карата Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде сүрөт көргөзмөсү өттү. Иш-чара Тарых жана маданият жылына арналган иш-чаралардын алкагында уюшутурулуп, көргөзмөгө келген коноктор 1916-жылга арналган сүрөттөр, графика жана буюмдар менен таанышты. 

Иш-чара 3 бөлүктөн туруп, биринчиси 1916-жылкы көтөрүлүшкө арналса, экинчи бөлүктө 1930-1980-жылдардагы тарыхка басым жасалган. Анда белгилүү сүрөтчүлөр Чуйковдун, Айтиевдин жана Акылбекованын эмгектери коюлган. 

Ал эми, 3-бөлүктө 5 жылдан бери «Үркүн» темасынын үстүндө иштеп жаткан кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин эмгектери бар. Бул жерде 100 картина коюлуп, анын ичинде май боёк жана башка түстүү боёктор менен тартылган сүрөттөр илинди.