Жаңылыктар
Кыргызстанда ички валюта рыногунда жагдай туруктуу
Экономика
Кыргызстанда ички валюта рыногунда жагдай туруктуу

Кыргызстанда ички валюта рыногунда жагдай туруктуу. Кескин өзгөрүүлөрдү болтурбоо үчүн Улуттук банктын резервинин көлөмү жетиштүү. 10-мартта кечке жуук доллардын баасы кескин көтөрүлүп кеткендиктен, Улуттук Банк өз учурунда интервенция жасаганга үлгүрдү.

Азамат акча алмаштыруучу жайда 10 жылдан бери иштесе да, бир да жолу доллар мынчалык тартыш болгон жагдайга учурабаганын айтат. Буга чейин эле сом менен доллардын катышы өзгөөрөрү болжолдонгон. Бирок бир канча саатта эле валюта рыногунда доллардын баасы кескин кымбаттап кеткени күркө ээлерине да күтүүсүз болду.

Жарым күндө эле акча алмаштыруучу жайларда доллардын жетишсиздиги байкалып, көптөр чыгымга учурады. Ал эми 11-марттын таңынан баштап, жагдай турукташып, учурда акча алмаштыруучу жайларда долларга чектөө жок, каалаган санда сатылып жатат.

Валюта рыногундагы абалдын турукташуусуна Улуттук Банк тез арада чара көрдү. Акча рыногундагы абалды турукташтыруу максатында чет өлкө валютасын сатуу боюнча интервенция ишке ашырылды. Улуттук банктын мындай чаралары Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тышкы таасирлерди жеңилдетүүгө багытталды.

Адистер болсо валюталардын курсунун өйдө-ылдый болуп турушу дүйнө жүзүндөгү экономикалык жагдай менен байланыштуу болоорун айтууда. Мындай шартта Улуттук банк Кыргызстандын экономикасына тийгизип жаткан сырткы терс таасирлердин мизин кайтарууга аракет кылып жатат.

Ушул тапта коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу 72 сом 76 тыйындан, 72 сом 96 тыйынга чейин болууда. Адистер белгилегендей Кыргызстандын улуттук валютасы сомдун мындан ары арзандашына орчундуу негиз жок.