Жаңылыктар
Кытайлык кыргыз таануучу Мухаммед Ху Чжэн Хуанын 85 жашта
Маданият
Кытайлык кыргыз таануучу Мухаммед Ху Чжэн Хуанын 85 жашта

Кытайлык кыргыз таануучу Мухаммед Ху Чжэн Хуанын 85 жылдыгына карата Бишкекте эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өттү. Жыйынга коомдук ишмерлер, тарыхчылар жана өкмөттөн атайын өкүлдөр катышты. Президенттин куттуктоосун окуган аппараттын өкүлү кытайлык окумуштууга арнап Алмазбек Атамбаевдин атынан алтын саатты белек катары тапшырды. 

Бирок, профессор Ху Чжэнхуа ден-соолугуна байланыштуу Кыргызстанга келе албай калгандыктан, саатты ага кесиптештери алып бармай болду. Кытайлык заманбап түрколог, манас таануучу, профессор, “Манас” орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги кытайлык кыргыздардын тили, фольклору, дастандары жана тарыхына байланыштуу көптөгөн фольклордук материалдарды жыйнаган. 

Ал кыргыз элинин “Манас” жана башка дастандары, маданияты, салттары жана кыргыз тили жаатында тынымсыз иликтөө жүргүзүп келген. Профессор кытайлык кыргыздардын даңазалуу манасчысы Жусуп Мамайды кытай элине жана дүйнөгө таанытууга да зор салымын кошкон.