Жаңылыктар
Кордай окуяларында кылмыш кылгандар кармалды
Кылмыш
Кордай окуяларында кылмыш кылгандар кармалды

Кордай районундагы улут аралык жаңжал учурунда киши өлтүрүүгө жана өрттөөгө шектелгендер аныктала элек. Бул тууралуу Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Дулат Дембаев билдирди.

«Кордай окуялары боюнча беш киши кармалган. Алар бейбаштык, улгайган кишини сабоо жана полиция кызматкерине баш ийбөө фактылары боюнча кармалган. Бул жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылды. Өрттөө, адам өлтүрүү фактылары боюнча тергөө жүрүп жатат. Азырынча эч ким кармала элек, себеби материалдар көп», – деди Дембаев

Быйыл 8-февралга караган түнү Масанчи, Аукатты, Сортөбө, Булан-Батыр айылдарында улут аралык жаңжал чыгып, ал 11 адамдын өлүмү менен аяктаган. Дагы ондогон киши жаракат алган.

Расмий маалыматка ылайык, 30дай турак жай, 17 соода имараты жана 50дөй машине өрттөлүп, талкаланган. Кагылышка байланыштуу 23 миңден ашуун адам Кыргызстанга убактылуу качып келгенге аргасыз болгон.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев улут аралык чатакка байланыштуу Жамбылдын губернатору, Кордайдын акими жана облустук, райондук полиция жетекчилери баштаган бир топ аткаминерди кызматтан алган.