Бүгүн, Кыргызстандын бир катар шаарларында белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоого үгүт иштери старт алды. 12-апрелде Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаарларында жергиликтүү кеңештерге депутаттар шайланат. Буга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы кайсыл шаарларда канча партия ат салышууга укук алганын жарыялады.
Өлкөнүн экинчи борбору катары эсептелген Ошто 120 миңден ашуун шайлоочу бар. Шаардык кеңешке 9 саясий партиянын талапкерлери ат салышары белгилүү болду. 30 миңден ашык шайлоочу жашаган Токмокто 9 саясий партия катышары айтылды. 32 миң шайлоочу катышат деп күтүлгөн Ысык-Көлдүн борбору Каракол шаарында шайлоого 15 партия аттанды. 25 миң шайлоочу туруктаган Балыкчы шаарына 11 саясий партия катышканы жатат. 11 миң шайлоочусу бар Майлуу-Суу шаарындагы өтүүчү шаардык кеңешке 6 партия катышмакчы.