Жаңылыктар
Бизнес-акыйкатчы ишкерлердин даттанууларын кабыл алып баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Бизнес-акыйкатчы ишкерлердин даттанууларын кабыл алып баштады

Бизнес-акыйкатчы институту бизнес өкүлдөрү менен ишкерлерден аткаминерлер же мамлекеттик органдын аракетсиздигине байланыштуу арыз даттанууларды кабыл алып баштады. Бул туурасында уюмдун маалымат кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, ишкерлердин кайрылуусу атайын талаптарга жооп бериши зарыл. Ага ылайык, арыз тиешелүү мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, мамлекеттик ишканага же тиешелүү тарапка жазылат.

Кайрылуу боюнча иш сотто каралбашы керек же соттун чечими чыккан болбошу зарыл. Даттануу арызы тараптардын араздашуусунан бир жыл кечиктирилбей жазылышы шарт. Бизнес-акыйкатчы ишкерлер ортосундагы талаш-тартышты карабай турганы белгиленет. Жогоруда айтылган критерийге жооп берген арыздарды уюмдун www.boi.kg расмий сайты жана aryz@boi.kg электрондук дарегине жиберсе болот. 

Ошондой эле Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү 103 дарегине келип, арызды калтырса болот. Белгилей кетсек, Кыргызстанда бизнес- акыйкатчы институту 2019-жылы пайда болгон. Уюмду Улуу Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Робин Орд-Смит жетектейт.