Жаңылыктар
Пакистанда аскер учагы кырсыкка учурады
Дүйнө
Пакистанда аскер учагы кырсыкка учурады

11-мартта Пакистандын аба күчтөрүнө таандык "F-16" аскер учагы өлкөнүн борбору Исламабад шаарында кырсыкка учурады. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазды. 

Пакистандын аба күчтөрүнүн катчысынын айтымында, учак 23- март Пакистандын Улуттук Күнүнө карата өткөрүлө турган иш-чарага даярдык көрүү маалында кырсыкка учураган. Окуя болгон жерге куткаруу тобу жиберилип, териштирүү иштери жүрүп жатат деп айтылат маалыматта. Учурда каза болгондор бар же жок экендиги боюнча так маалымат берилген жок.