Жаңылыктар
Кумтөрдө өндүрүштүн басаңдашы өнөр жай өсүшүн төмөндөттү
Экономика
Кумтөрдө өндүрүштүн басаңдашы өнөр жай өсүшүн төмөндөттү

Кумтөрдө өндүрүштүн басаңдашынан улам өлкөнүн өнөр жай тармагында өсүш төмөндөп кетти. Бул тууралуу экономика министри Арзыбек Кожошев өкмөт жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасын ишке ашырууга Кумтөрдөн сырткары Евразиялык экономикалык биримдиктеги кризистик абал дагы таасирин тийгизген. Ал арада жергиликтүү серепчилер жыл сайын Кумтөр биринчи жанаэкинчи кварталдарда азыраак тонна алтын өндүргөнү менен жыл жыйынтыгында кабыл алынган планды аткарууга үлгүрөрүн айтышууда.

Кошумчалай кетсек Бишкектин райондор аралык соту Кумтөр оперейтин компани  ишканасынан айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн алты жарым млрд сом өлчөмүндөгү каражатты төлөтүү боюнча Мамлекеттик экотех инспекциянын  доо арызын кароону улантты. Бул жалпысынан 7 млрд сомдон ашкан акчаны түзгөн төрт доо арыздын бири. Текшерүү маалында айрым бир эреже  бузуулар катталган. Айта кетсек, кен калдыктары мөнгүлөрдү булгап, жыйынтыгында булганган суулар дарыяларга кошулушу мүмкүн. Мындан сырткары суну тазалай турган заводдорду куруу муктаждыгы дагы жаралышы ыктымал.Маалыматка ылайык, 2014-жылга карата компания тарабынан 1,5 млрд тонна кен калдыгы чыккан. Жыйынтыгында Бишкектин райондор аралык соту доо арызды канааттандырып, 6,5 млрд сом өлчөмүндөгү каражатты төлөсүн-деген чечим чыгарды.

М.Абдраманова, “Биринчи  радио”