Жаңылыктар
100 тоннадан ашык кургак мөмө-жемиштер экспорттолгон
Кыргызстан жаңылыктары
100 тоннадан ашык кургак мөмө-жемиштер экспорттолгон

POST#RIGHTЖыл башынан бери Баткен районунда кургатылган мөмө-жемиштерди экспорттоонун көлөмү 100 тоннадан ашты. Айыл чарба азыктары АКШ, Түркия жана Орусия өлкөлөрүнө сатылууда. Үч жыл мурда Кара-Бак айылында ачылган кайра иштетүүчү ишканада жергиликтүү дыйкандардан сатылып алынган кургатылган мөмө-жемиштер таңгакталып сыртка ташылып жатат.

Курбанбек Обозов 2017-жылдан бери жергиликтүү базарлардан кургатылган мөмө-жемиштерди сатып алып, кайра иштетип чет өлкөлөргө экспорттоону колго алган. Учурда Баткендин өрүгү АКШнын Нью-Йорк, Чикаго сыяктуу чоң шаарларынын дүкөндөрүндө сатылууда.

Жыл башынан бери 100 тоннадан ашуун кургатылган мөмө-жемиштер сыртка экспорттолду. Дагы суроо талап өстү. Мындан улам чет өлкөлүк кардарлардын суроо талабына ылайык 45 тонна айыл чарба азыктары экспортко даяр болуп, жакынкы күндөрү жөнөтүлөт.
Кайра иштетүүчү ишканалардын ачылышы менен бир жагы экспорттун көлөмү өсүп жатса, экинчи жагынан жергиликтүүлөрдүн жумуш орундары менен камсыз болууда. Бул аз да болсо облустагы миграция агымын токтотот. Учурда бул ишканада 20дан ашуун жергиликтүү тургун жумуш орду менен камсыздалган. Алардын бири Шаходат Атамалиева алыс барбастан үй-бүлөсүн багууга каражат таап жатат.

 Быйыл район аймагында айыл чарба азыктарын кайра иштеткен дагы 3 ишка ачылганы турат. Мамлекет тарабынан айыл чарбасын колдоо максатында жеңилдетилген насыялар берилип келет. Мал чарбачылыгы, дыйканчылык жана кайра иштетүү тармагындагы ишкерлер Айыл банкы менен РСК банк аркылуу насыяларды алышууда.

Бүгүнкү күндө Баткен районунун аймагында 5 миң гектардан ашуун аянтта өрүк жана алма бактары бар. Андан жергиликтүү дыйкандар 12 миң тоннага чейин мөмө-жемиштери жыйнап экспорттун эбин табууда.