Жаңылыктар
Өмүрүн кыйган өспүрүмдөр көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Өмүрүн кыйган өспүрүмдөр көбөйдү

Быйыл 5 айда өспүрүмдөр арасында өз өмүрүнө кол салган  49 факты катталды. Эң көбү Жалал-Абад облусунун аймагында болуп өткөн.  Өз жанына кол салгандардын көпчүлүгү мектеп жашындагы  балдар  болууда.  Билим берүү  жана илим министри Элвира Сариеванын Жогорку Кеңеште өкмөттүк саат учурунда   билдирген маалыматына караганда,  2015-жылы   өспүрүмдөр арасында  96 суицид  катталса, анын 83үн окуучулар түзгөн. Буга жаш балдардын ата-энеси менен  араздашып кетүүсү, көпчүлүк ата-энелердин  миграцияга  кетишинен улам көзөмөлү жок баланын  социалдык, психологиялык жактан  жабыркашы себеп  болууда. Депутаттар  күнөөнүн бардыгын ата-энеге  шылтай  бербей, мугалимдер  алган эмгек маянасына жараша балдар менен  иштөөсү  керек. Өз жанын кыйган балдар  үчүн  жоопкерчилик алган тараптардын жок болушу дагы  кырчындай өмүрлөрдүн кыйылышына жол берүүдө деп билдиришти эл өкүлдөрү. 

Ички иштер министрлиги быйылкы жылдын 4 айында балдарга  зордук зомбулук көрсөтүү  боюнча 39 факты катталгандыгын билдиришти. Былтыры  234 жолу  рейд жүргүзүүдөн, 465 баланын кароосуз интернет-клубдарда жүргөнү  аныкталган. Зомбулук боюнча  162  фактынын  103үнүн кылмыш иши козголгон жана 69 иш сотко өткөрүлгөн. 39 иш убактылуу  токтотулуп турат.  Ал эми бүткүл дүйнөлүк  саламаттыкты сактоо  уюмунун  маалыматтарында,  дүйнө жүзүндө  жылына  миллионго жакын адам  өз жанын кыят. Мындай көрсөткүч жаштар арасында  арбын  катталат. Өспүрүмдөр арасында  суицид  боюнча  Япония менен Түштүк Корея  алдыңкы  орунда турары  аталган уюмдун  отчетуна жазылган.

Г. Каражанова, “Биринчи радио”