Жаңылыктар
Кыргызстанда импорттук сырьёну ташуу жолу изделүүдө
Экономика
Кыргызстанда импорттук сырьёну ташуу жолу изделүүдө

Өндүрүштүн токтоп калуусуна жол бербөө үчүн өлкөгө импорттук сырьёну ташуу жолун табуу керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирус инфекциясынын өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында билдирди. 

Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, жүктөрдү убактылуу сактоо кампалары жабык, чек арада медициналык жана чек ара кызматкерлеринен башка эч ким жок. Эркин Асрандиев Экономика министрлигине белгиленген мөөнөттө тигил же бул товарларды ташууга жөндөмдүү альтернативдик өлкөлөрдү издөөнү улантуу тапшырмасын берди. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жарыяланган пандемияга байланыштуу жүк ташуулардын алгоритмине киргизилиши мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү талдоону да тапшырды.