Жаңылыктар
15-март - керектөөчүлөрдүн эл аралык майрамы
Кыргызстан жаңылыктары
15-март - керектөөчүлөрдүн эл аралык майрамы

Жыл сайын 15-мартта дүйнө жүзү керектөөчүлөрдүн эл аралык майрамын белгилейт. Мунун алдында Монополияга каршы мамлекеттик агенттик жарандарга өз укуктарын кеңири түшүндүрүү максатындагы иш-чаралардын бир айлыгын жарыялаган. Бир топ билим берүү мекемелеринде лекциялар менен маалымат жыйындары уюштурулуп, акыркысы Бишкек шаарындагы окуу жайлардын биринде жыйынтыкталды. 

Анда мамлекеттик органдар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрү, юристтер келип студенттерге керектөөчүнүн укуктары, соода-сатык жана тейлөө кызматына байланыштуу мыйзам бузулган учурда адам өз укугун кантип коргошу керек деген маселенин айланасында маек куруп, суроолорго жооп беришти. Белгилей кетчү нерсе керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо мыйзамынын үчүнчү беренесинде, окуучулар менен жогорку окуу жайлардын студенттеринин билимин агартуу жаатында мамлекет тарабынан сөзсүз тиешелүү иш-чаралар өтүп турушу керектиги айтылган.