Жаңылыктар
Сауд Аравия жана БАЭ мунай ташуунун көлөмүн көбөйттү
Дүйнө
Сауд Аравия жана БАЭ мунай ташуунун көлөмүн көбөйттү

Сауд Аравия жана Бириккен Араб Эмираттары мунайга болгон баанын төмөндөшүнөн улам энергоресурстарды ташуунун көлөмүн көбөйтүү ниетин билдиришти. Мындай чечим "ОПЕК" мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму тарабынан кабыл алынды. 

Дүйнөлүк экономиканын төмөндөө коркунучун Москванын квоталардын кошумча төмөндөөсүнөн баш тартуусу менен шериктештердин ортосундагы пикир-келишпестиктер менен байланыштырып келет. Россиянын энергетика министри Александр Новактын айтымында, Орусия тарап буга чейинки түзүлгөн келишимди сактап калууга чакырып, учурда коронавирустун экономикага тийгизген таасирин кароо керектигин билдиришкен.