Жаңылыктар
Өкмөт ата мекендик ишкердикти колдоо саясатын күчөтөт
Экономика
Өкмөт ата мекендик ишкердикти колдоо саясатын күчөтөт

Өкмөт зарылдыкка жараша ата мекендик ишкердикти колдоо саясатын күчөтөт жана бизнести колдоо боюнча кошумча чараларды кабыл алат. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев улуттук валютанын курсунун төмөндөөсүнүн кесепеттерин турукташтыруу боюнча өткөн кеңешмеде билдирди. Министрлер кабинетинин башчысы негизги соода өнөктөш-өлкөлөрдө экономикалык активдүүлүктүн өзгөрмө динамикасынын шартында так мониторинг жүргүзүп, так эсептеп, чечкиндүү жана маанилүү кадамдарга баруу зарыл экенин айтты.

9-марттан тартып дүйнөлүк рыноктогу абалга Кыргызстан тыкыр көз салууда. Мунайдын дүйнөлүк баасынын 30 %га арзандашы, валюта базарында орус жана казак акчасынын төмөндөөсүнө алып келди.

Кыргыз өкмөтү ыкчам түрдө Улуттук банк менен биргеликте өткөрүлгөн жыйында валюта рыногундагы курстун кескин түрдө ылдый-өйдө болушун турукташтыруу жана өлкөдө экономикалык активдүүлүктүн деңгээлин кармап туруу боюнча бир катар чараларды кабыл алды.