Жаңылыктар
Жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата үгүт өнөктүгү башталды
Шайлоо 2023
Жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата үгүт өнөктүгү башталды

Бүгүндөн тарта өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата үгүт өнөктүгү башталды. Шайлоолор 25 айылдык жана 5 шаардык кеңеште өтмөкчү. Бир ай бою талапкерлер элге өздөрүнүн программаларын тааныштырышат. Бул иште адатта партиялар активдүү болорун адистер белгилешет. Ошол эле учурда мыйзам чегинен чыкпай иш алып баруу талапкерлердин негизги милдети.

Шаардык кеңештерге шайлоого катыша турган партияларга 13-марттан тарта үгүт өнөктүгү башталды. Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы жана Майлы-Суу шаардык кеңештерине жалпы 22 партия ат салышмай болду. Мындан сырткары 25 айылдык кеңештерге да шайлоо өткөрүлөт. Кечээ болсса айылдык кенештерге талапкерлерди корсотуу аяктады, эми 10 кундун ичтинде алар текшерилип, мартка чейин каттоо дагы жургузулот.

Бул жолку шайлоонун өзгөчөлүгү - айылдык кеңештердеги жалпы мандаттардын 30 пайызы аялдар үчүн резервге калтырылат. Учурда талапкерлердин дээрлик жарымын айымдар түздү жана бул жакшы көрсөткүч дейт БШК төрайымы. Ал эми партияларга үгүт иштерине бир айлык мөөнөт берилет. Бул убакыт ичинде талапкерлер элге өздөрүнүн программаларын тааныштырат. Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт иштерин толук көзөмөлгө алмакчы.

Адистер шаардык кеңештерге бараткан партиялар үгүт өнөктүгүнүн эрежелерин так сакташы керек дешет. Адатта үгүт учурунда партиялардын бири-бирине карата кара пиарлары күчөп, адаттан тыш көрүнүштөр орун алат. Эреже бузгандарга мыйзам чегинде чара көрүлүшү кажет.