Кыргызстанда айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөтүү жыйынтыкталды. Борбордук шайлоо комиссиясы тараткан маалымат боюнча, 375 мандатка 954 талапкер катталды. Алардын ичинен 296сы аялдар. 48 талапкер саясий партиялардан сунушталса, калганы өзүн-өзү көрсөткөндөр. Он күн ичинде алардын документтери текшерилип чыгат. Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештерине үгүт өнөктүгү 23-мартта башталат. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, айылдык кеңешке аялдар үчүн 30 пайыздан кем эмес мандатты резервдөө колдонулат. 12-апрелде болчу айылдык кеңештерге шайлоодо аялдар 30,92% түздү.