Жаңылыктар
Жандан кечкен балдар көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Жандан кечкен балдар көбөйдү

 Жыл өткөн сайын өз жанын кыйган өспүрүмдөрдүн көбөйүп жатышы жалгыз ата-энелердин эмес жалпы журттун чоң кайгысы. Бул көйгөйдү чечүү үчүн каражатты аябастан кечиктирилгис чараларды көрүү зарыл. Мындай пикирин парламент депутаттары өкмөттүк саатта айтып чыкты. 

Өкмөт өкүлдөрү өспүрүмдөрдүн өз жанын кыйган учурлары былтыркыга салыштырмалуу 7 пайызга төмөндөдү дегени менен жыл башынан бери 39 өспүрүм өз жанына кол салган. Меселе орчундуу көйгөйгө айланганын айткан вице-премьер-министр социалдык, медициналык маселелер, үй-бүлөдөгү чыр-чатак балдарды бул кадамга түртүп жатканын ырастады.
“4 айда 39 мектеп окуучусу өз өмүрлөрү менен кош айтышкан. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 7 пайызга аз. Алардын 37си мектеп окуучулары. Бирөө колледжде окуган. 32 окуучу ата-энеси менен урушкан, экөө ден-соолугуна байланыштуу жанын кыйган. Булардын баары үй-бүлөсүндө өз үйлөрүндө жашаган, экөө апасы менен жашаган. Бирок өлкөдө суицид маселеси өзгөчө маанилүү болуп турат”, - деп билдирди Гульмира Кудайбердиева.  
Депутаттардын баамында балдардын- жандан кечкенине мектеп рекетчилигинин тыйылбагандыгы себеп. Баягы эле акча тономой, сабамай токтой элек деген эл өкүлү Чолпон Султанбекова билим берүү министрлигин бул маселеге көңүл бурууну жана социалдык педагогдор менен ишти илгерилетүүнү талап кылды.

, “10 министрлик мекемелер менен иш жүрүп жатат. 1-ден бул маселени чечиш үчүн ИИМ, саламаттык сактоо, билим берүү министрлиги менен ар бир бала менен сүйлөшүп калганда бала кандай үй-бүлөдө чоңойгон болгон маалымат чогултулуп, ИДН менен иш жүрөт. Статистиканы карап чыксак эмне себептен балдар жанын кыят тилекке каршы үй-бүлөдө ата-энеси менен урушуп кеткен, 2- факт материалдык же социалдык факт болуп жатат. Классташтар менен конфликт болгон бирок бул-аз. Социалдык педагогдор психолог эмес алар тарбия берүү жагында иштейт. Суицидди психолог, психотерапевт жалгыз гана мугалимдерге таянып чечилет дегенден алыспыз” - дейт Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева. 
Мындан улам депутаттар мектептерге психолог адистерин тартууну сунуштады. Буга бюджеттен 185 миллион сом сарпталат. Канча каражат болсо да аябаш керек деген Иса Өмүркулов үгүт-насаат иштерин интернет аркылуу күчөтүүнү сунуштады. Ал эми Дастан Бекешев Ички иштер министрлигине өспүрүмдөрдү жанын кыюуга үгүттөгөн интернет сайттарды жабууну тапшырды.
 Ал эми Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча майы айына чейин 49 өспүрүм өз жанын кыйган. Талкуу соңунда депутаттар бул көйгөйдү чечүүгө ар тараптуу чараларды көрүүнү тапшырды.