Жаңылыктар
Мектепке түшкөн акча кайда кетүүдө?
Билим
Мектепке түшкөн акча кайда кетүүдө?

 Бишкек шаарындагы мектептердин биринде акыркы коңгуроонун алдында айрым ата энелер менен мектептин администрациясынын ортосунда пикир келишпестик чыкты.

 Ата-энелердин айтымында Ала-Тоо конушунда жайгашкан №82 мектептин жетекчилиги ремонт үчүн акча төлөбөгөн окуучуларды кийинки класска көчүрбөйбүз деп опузалаган. Бирок мектеп директору баардык айыптоолорду четке какты. 

Бүгүн №82 мектепте кенже жана орто класстар үчүн коңгуроо кагылды. Жыл бою окууда, коомдук иштерде жана спортто ийгиликке жеткендер сыйланды. Бирок дал ушул салтанатка айрым ата энелер, жакын турса да басып келген жок. Алар мектеп администрациясын бейчеки акча чогултуп жатат деп күнөлөшүүдө. 
 Жалпы жонунан ар бир балага 2000 сомдон ашык төлөнөт дегенди мектеп директору четке какты. Анын айтымында, ата энелер өз демилгеси менен түзгөн “Ийги” бирикмесине жылына 540 сомдон алынат. Чогулган каражат мектептин керек жарагына коройт. 

  Ата-эне менен мектеп жетекчилигинин айткандары эки башка чыгып жаткандыктан, жолугуп сүйлөшүүсүн сурандык
Дагы бир жагдай, жакында мектепте окуучуларга анкета таратылган. Анда ким канча сом бергенине жооп бериш керек болчу. Айрым ата энелер бул сурамжылоо менен мектеп жетекчилиги акча төлөбөгөндөргө кысым көрсөттү деп айыпташууда. 
Жалпылап айтканда мектеп жетекчилиги ар бир окуучудан 540 сомдон чогултулаарын танган жок. Мындан тышкары күзөт жана тазалык кызматкери үчүн да каражат топтолот. Мунун баарында тең ата энелерге чек берилбейт. 
Анткен менен мындай көрүнүш бир гана №82 мектепте эмес. Бишкек шаарындагы дээрлик баардык орто билим берүүчү мекемелерде бар экенин танууга болбойт. Болгону баласы үчүн 500 сомун аябаган ата эне, эртеңки күнү кесепети тийип калбасын деп эч жакка арызданып кайрылбайт.