Жаңылыктар
Коопсуздук кеңеши: эл саламаттыгы маанилүү
Кыргызстан жаңылыктары
Коопсуздук кеңеши: эл саламаттыгы маанилүү

Кыргызстан да башка өлкөлөр сыяктуу коронавируска каршы чараларды дагы ыкчамдатты. Коопсуздук кеңештин жыйынында абал боюнча маалымат берген Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өлкөдө коронавирус учуру катталган жок жана санитардык эпидемиологиялык абал туруктуу экенин билдирди. Министрлик күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өттү жана биринчи кезекте башка мекемелер менен бирге ички жана тышкы чек ара көзөмөлдөрүн күчөтмөй болду.

Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларда орундуктарды да даярдоону колго алды. Учурда 500дөн ашык бош палаталар даяр турат. Дары-дармек, медициналык бет каптар менен убагында камсыздоо жана калк арасында түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө. Министрдин ырасташынча дары-дармектерге, медициналык бет каптарга муктаждык болбойт.

Коопсуздук кеңешинин буга чейин болуп өткөн эки жыйынындагы коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чечимдердин аткарылышы боюнча штаб жетекчилери Вице-премьер-министрлер Алтынай Өмүрбекова менен Эркин Асрандиев да маалымат берди.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жетектеген тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөө боюнча республикалык штаб коопсуздук кеңешинин чечими менен коронавирустун экономикага тийгизген терс таасирлерин азайтуунун үстүндө ишти улантат. Президенттин тапшырмасы менен штаб азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жумуштарын дагы ыкчамдатмай болду. Асрандиевдин айтымында негизги стратегиялык азык-түлүктөрдүн көлөмү жетиштүү жана дагы корун көбүрөөк өлчөмдө сатып алууга кошумча каржы булактары табылды.

Ошол эле учурда штаб ата мекендик өндүрүшчүлөрдү чийки зат же сыръё менен камсыздоо боюнча жана бюджетти толтуруу иштерин да алып барууда. Бул багытта Өкмөт эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташтыкта иштеп жатат жана 6,9 млрд сом кошумча булактар табылды.

Учурда коронавирус дүйнөнүн 117 мамлекетинде жайылды жана оору жүздөгөн адамга жукту. Мамлекет башчынын айтымында мындай учурда калк саламаттыгы биринчи орунда. Сооронбай Жээнбеков коронавирус боюнча абал жеке көзөмөлүндө экенин, саат сайын мамлекеттик органдардан маалымат алып жатканын айтты. Жакынкы коңшу мамлекет Казакстанда бул илдет катталды дегенден кийин, бизде да кооптонуу күчөйт. Бул табигый көрүнүш. Мындан ары да ишти күчөтүп, эң негизгиси коомчулукка маалыматты ачык, ыкчам берип туруу зарыл” - деп билдирди Президент.

Учурда Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө 16-марттан баштап, өлкөнүн бардык мектептерин жана жогорку окуу жайларын үч жумага карантинге жабуу чечими кабыл алынды. Кыргызстандын калкын каттоо 23-мартта эмес 1-апрелге чейин, алыскы райондордо - 20-апрелден 29-апрелге чейин өтмөй болду. Президент Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги жөнүндө дагы бир жолу эскертти. Зарыл болгон иш-чаралар тиешелүү деңгээлде ишке ашырылбаса, катуу чаралар көрүлөт.