Жаңылыктар
Салыктан качкан хан сарайдын ээлери
Кыргызстан жаңылыктары
Салыктан качкан хан сарайдын ээлери

 Бишкек шаарынын Ленин райондук Салык башкармалыгынын салыктарды көзөмөлдөө жана чогултуу бөлүмүнүн кызматкерлери бүгүн кожоюндары бир топ жылдан бери салык төлөөдөн качып, карматпай жүргөн үйлөргө рейдге чыкты. Бирок, ири өлчөмдө карызы барлардын бири дагы үйүнүн эшигин ачкан жок. 

Чоң-Арык айылынын тургуну Ашырбаева Гүлбайра - үйдө төрт неберем бар. Балдарымдын тапканы үй-оокатка жетип турса, пенсиямды жарыкка, сууга дагы башкасына карыз болбой ай сайын төлөп турам,-дейт. Заңгыраган үйлөрдү такылдатып ачтыра албай турганыбызда басып келген эне, бекер эле убара болуп жатканыбызды айтты.
Салык башкармалыгынын кызматкерлери, аймактагы ири өлчөмдөгү карызы барлардын эшигин каккылаганы менен каалгалар ачылган жок.

“Бул жерде Ташбаев Учкунбек Азизбекович деген жараныбыз жашайт. 2009-жылдан бери мүлк салыгын төлөгөн эмес. Бүгүнкү учурда салыгынын суммасы 65 миң сомду чапчып турат. Мына ушул келип чакыруу кагаздарыбыз, жөн эле карып калат. Өзүбүз келип, үйүндө эч ким табылбай, ар кайсы шылтоолор менен салыктар ушинтип кечигип жаткан мезгил”, -  дейт Ленин райондук салык кызматынын башкы инспектору Алмаз Абдисияев.
 Ленин районуна караштуу аймакта карызы барлардын көпчүлүгү 10 жылдап карызын төлөбөгөн атка минерлер.
 Чоң-Арык айылын кыдырган мезгилде да, чатырлары асман тиреген үйлөрдүн эшигин каккылаганыбыз менен, майнап чыккан жок.
Салык кызматкерлеринин айтымында, төлөмөйгө келгенде кайдыгер кол шилтеп, бир кызыгып койбогондорду сотко бергенге да туура келет.
Мыйзам боюнча батирлер үчүн 80 чарчы метрден, жеке үйлөр үчүн 150 чарчы метрден ашкан убакта кыймылсыз мүлк салыгын төлөө керек.