Жаңылыктар
Шайлоо өнөктүгүнүн башталышы
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоо өнөктүгүнүн башталышы

Жергиликтүү кеңештерге үгүт өнөктүгү башталгандан күндөн тарта эле телерадио, гезит журналдар жана социалдык тармактар партиялардын үгүт материалдарына толду. Шайлоо өтө турган шаарларда көрнөк жарнактар байма бай илинип, талапкерлер менен тааныштыруу жүрүп жатат. Шайлоочунун добушуна ээ болуу үчүн эми партиялар бир ай бою үгүттүн түрдүү ыкмаларын колдонушат.13-мартта башталган үгүт өнөктүгү 10-апрелге чейин уланат. Жергиликтүү кеңешке шайлоолор 25 айыл аймакта жана 5 шаарда өтмөкчү. Беш шаар Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы жана Майлы-Суу. Азыркы учурда борбордук шайлоо комиссиясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары добуш берүү өнөктүгүнө карата даярдыктарды жигердүү жүргүзүп жатышат.

Парламент былтыр шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында “жергиликтүү кеңештердин депутаттары” тууралуу мыйзамдарга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизген. Ага ылайык айылдык кеңештердеги 30 пайыздык квота айымдарга берилет. Жаңы мыйзамдар күчүнө кирээри менен эң биринчи айылдык кеңешке шайлоолор Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караган Саруу айылында өттү. Натыйжада кеңештеги 21 мандаттын 9зуна айым депутаттар ээ болгон. Айылдык кеңештин төрайымы болуп да аял киши тандалган.

Аялдарга 30 пайыздык квота берүү оңой олтоң иш болгон жок. Демилге 2014-жылы эле көтөрүлүп, бирок мыйзам аркылуу ал өткөн жылы гана бекитилди. Мындай ченем шайлоодо гендердик теңчиликти камсыздоого кепилдик берет. Анын үстүнө баш мыйзамда айымдар менен эркектер тең укуктуулугу тең салмак менен каралган. Жергиликтүү шайлоолор менен катар быйыл Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Андыктан алдыда саясий өнөктүк дагы да кызыйт. Партиялар, парламенттеги фракциялар да саясат менен алек болот. Адистер шайлоого бараткан партиялар үгүт өнөктүгүнүн эрежелерин так сакташы керек дешет. Адатта үгүт учурунда бири-бирине карата кара пиарлары күчөп, адаттан тыш көрүнүштөр орун алат. Эреже бузгандарга мыйзам чегинде чара көрүлүшү кажет.

Бул жолу үгүт өнөктүгү жана добуш берүү процессине көзөмөл күчтүү болот. Адистер белгилегендей, шайлоочулар азыр тажрыйбалуу болуп калды. Маселен 5-10 жыл мурун шайлоонун жүрүшүнө көбүнесе атайын уюмдар же коомдук бирикмелер байкоо салып келген. Азыр шайлоонун жүрүшүнө көз салган жигердүү жарандар көп. Ал эми партиялардын ортосунда идеялардын күрөшү кайнап, негизги басым өлкөнү өнүктүрүү программаларынын сапатына жасалышы керек. Адистердин айтымында, мурдагы шайлоолордо акча каражатынын же жеке адамдардын ортосунда таймаш жүрүп, негизги баалуулуктар экинчи орунда калган. Ошол эле учурда адистер шайлоо өнөктүгүндө шайлоочулардын өзүнө да жоопкерчилик жогорку экенин белгилешет. Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор 12-апрелде өтөт. Шайлоодо кайсы талапкерди жана кандай программаны тандап алуу жалгыз добуш берүүчүнүн колунда. Анткени бүгүнкү тандоодон- өлкөнүн келечеги көз каранды.