Жаңылыктар
Коронавирус: өзбекстанда алгачкы учур катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Коронавирус: өзбекстанда алгачкы учур катталды

Өзбекстанда коронавирус аныкталган алгачкы учур катталды. Мындай маалыматты Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик боюнча агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, коронавирус Өзбекстандын Франциядан келген жаранында аныкталган. 

Өзбекстандын башкы санитардык дарыгери Бахром Алматов билдиргендей, учурда Өзбекстанда вирус жуктурган жаран менен чогуу учкан адамдардын туруктуу жашаган жерлери аныкталууда. Ошондой эле ал чогуу учкан жарандар медициналык көзөмөлгө алынарын билдирди. Алматов жарандарды дүрбөлөңгө алдырбоого жана өздүк гигиенаны туура сактоого чакырды. Учурда аталган вирустун таркашына жол бербөө үчүн эпидемиологиялык жана профилактикалык алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.