Жаңылыктар
Кварц чыгаруучу завод иштей баштады
Экономика
Кварц чыгаруучу завод иштей баштады

Тоң районундагы Кажы-Сай айылында союз мезгилинен бери иштебей турган кварц чыгаруучу завод ишке кирди. Мындай мүмкүнчүлүк айылга тартылган ири инвестициялык долбоор аркылуу түзүлдү. КАН: Бул заводдо өндүрүлгөн кварцтан кийин жогорку сапаттагы айнек чыгарса болот. Азыркы тапта завод кызматкерлери иштөө агрегаттарын сыноодон өткөрүп жатышат. 

 Кварц заводунун жабдыктары азыр орнотулуп бүтүп, текшерүүдөн өтүп жаткан мезгил. Толук кандуу иштеп кетсе айылдын элүүгө жакын тургуну жумуш орду менен камсыз болот.
Завод толугу менен иштеп кетсе кварцтын кумун тазалап, жууп 0,5 пайызда майдалап чыгарат. Даяр болгон продукциядан жакшы сапаттагы айнек чыгарса болот. Бирок тактап билген адистер жетишсиз болгондуктан заводдун иштеп кетиши көп тоскоолдуктарга кептелүүдө.
 Белгилей кетсек Кажы-Сай айылындагы тоолордо көмүрдүн, урандын жана кварцтын чоң запастары бар. Жаңы ачыла турган заводду көп жылга иштеттүү пландалууда. Себеби бул жердеги кварцтын кору кырк жылга жетет деп аныкталган.

 Азыркы тапта Кыргызстандагы айнек заводдору кварцтын байытылган таза,даяр продукциясын Казакстандан ташып келишет. Бул завод толук кандуу иштей баштаса айнек чыгаруучу ишканаларды кызыктырышы мүмкүн. Себеби чыгымдары азайып, арзаныраак баа менен ала башташат.