Жаңылыктар
Карантин маалында туура тамактануу маанилүү
Ден соолук
Карантин маалында туура тамактануу маанилүү

Россиялык диетолог Иван Алименко карантиндегилер же үйдө отуруп иштегендер семирип кетпеш үчүн кандай тамактануусу керектигин айтып берди.

Адистин берген кеңешине ылайык, үйгө жакшы көргөн азык-түлүктү көп албаш керек. Анткени адам аны басып-туруп жей берип, кантип толуп кеткенин билбей калат. Андан көрө эмне жегенин жазып турган күндөлүк ачуу сунушталды.

“Ошондой эле, аябай ачка болбош үчүн үч саат сайын тамак ичип, аны күндөлүккө жазып, калорияны эсептеп турсаңыз эле ашыкча салмак кошпойсуз", - деди диетолог.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму басып-туруп тамак жебей, толук кандуу тамактануу керек экенин айтып, бат-баттан суу ичип турууну сунуштады.