Жаңылыктар
Азык-түлүктүн баасын көтөргөндөр жазаланат
Экономика
Азык-түлүктүн баасын көтөргөндөр жазаланат

Өкмөт башчы күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасын негизсиз жана атайылап көтөргөндөргө карата өлкө мыйзамынын чегинде катуу чаралар көрүлөрүн билдирди. Ошондой эле өлкөдө азык-түлүк жетиштүү экенин айтып, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. 

Эске салсак коңшу өлкөлөрдө короновирус  жуктуруп алгандар катталган соң, эл керектүү азык түлүктөрдү ашыкча алып базарларда, соода-түйүндөрүндө адамдардын узун кезектери жаралган. Айрымдар негизги керектөөдөгү ун, кум шекерге болгон суроо талаптын өсүшү менен алардын наркыдагы көтөрүлгөнүн айтышууда. Бирок премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрү менен биргеликте борбор калаадгы соода түйүндөрүн жана базарларды кыдырып сатуучуларга жана элге, калк керектөөчү негизги товарлардын, тамак-аш продуктуларынын запасы жетиштүү экенин билдирди. Бүгүнкү күндө буга карата тынчсызданууга, бааларды көтөрүүгө негиз жок экени белгилүү болду. 

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"