Жаңылыктар
Ундун баасы боюнча жалган маалымат тараткан жаран кармалды
Кылмыш
Ундун баасы боюнча жалган маалымат тараткан жаран кармалды

Өзгөндө социалдык тармактарда ундун мүшөгү 2 жарым 3 миң сомго көтөрүлдү деп жалган маалымат тараткан адам кармалды. Ош облустук милициясынын маалыматына ылайык, ундун баасы 1 миң 300 -1 миң 400 сомдон ашкан жок. 

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Ыкчам-издөө иш-чаралардын негизинде жалган маалымат тараткан 25 жаштагы жаран кармалып, анын иш-аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн экспертиза дайындалды. Ошондой эле, калк ичинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.